Жаңылыктар
Сасык тумоо эми аймактарда күч алды
Ден соолук
Сасык тумоо эми аймактарда күч алды

Бишкекте сасык тумоо басаңдап калганы менен аймактардагы балдар арасында бул оору көбөйө баштады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облусундагылар көп ооруп жатат. 

Дарыгерлердин айтымында, сасык тумоонун сезондук күч алуусу январдын аягына чейин созулушу ыктымал. 

Мындай кырдаалды азыр Орусиядагылар дагы башынан кечирүүдө.