Жаңылыктар
Нарын: "Ача-Кайыңды" айыл тургундары үчүн ФАП ачылды
Ден соолук
Нарын: "Ача-Кайыңды" айыл тургундары үчүн ФАП ачылды

«Ача-Кайыңды» айылынын үч миңден ашыгыраак тургундары эми сапаттуу медициналык жардам ала алышат. 

Анткени алар үчүн фельдшердик-акушердик пункт иштей баштаганды. 

Убагында Ат-Башы районунун борборуна барып убара тарткан айылдыктар, бул саамалык эл саламаттыгын чыңдоого чоң өбөлгө болот дешүүдө. 

Инвесторлор эки миллион сомга имаратты куруп, толук кандуу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. 

Мындай шартта эң ириде эне менен баланын өлүмүн кескин кыскартууга ишеним бар дешет ачакайыңдылыктар.