Жаңылыктар
КР жарандары ишкерлик кылууну өздөштүрүштү
Экономика
КР жарандары ишкерлик кылууну өздөштүрүштү

Эгемендүүлүк алган 25 жыл аралыгындагы чоң жетишкендик бул жарандардын ишкерлик кылууну өздөштүргөнү. 

Бул тууралуу бүгүн 8-декабрда Бишкекте “Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы: жыйынтык жана келечектин стратегиясы” аттуу илимий-практикалык конференцияда айтылды. Жыйында Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунунун адистери, экономистер, жана көз карандысыз эксперттер өлкө экономикасын талкууга алды.

Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда кетирген кемчиликтерден азыр сабак алуубуз зарыл дейт эксперттер. Ал жылдары кетирген бийликтин дагы бир чоң кемчилиги бул чек араларды ачып, сырттан товар кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, эркин соодага шарт түзгөнү. Бирок Кыргызстандын бүлүнгө учураган алсыз өнүдүрүшү ал жылдары чет элдик өнүрүүчүлөрдүн атаандаштыгына даяр эмес эле деген пикирин айрым экономистер билдирет.

Эми Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту Эгемендүүлүк алган жылдардагы экономикалык өсүш жана кемчиликтер тууралуу изилдөөлөрүн жүргүзүп, коомчулукка алып чыкмакчы. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"