Жаңылыктар
Логистика борбору толук кандуу иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Логистика борбору толук кандуу иштөөдө

Республика аймагында эки ири логистика борбору толук кандуу иштеп жатат. Алардын бири Сокулук районунда, экинчиси Балыкчы шаарында. 

Мындан башка облус, айрым райондордо чакан логистика борборлору ачылган.

Бул кыргыз өкмөтү тарабынан белгиленген айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн төрт багыттарынын бири.

Учурда Ош облусунда ири логистикалык борборду куруу жөнүндө инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Учурдагы рынок талабына ылайык өлкө аймагында ири логистикалык борборлорду ачуу зарыл. Анткени алар  жергиликтүү дыйкандарга өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка өнөктөш  мамлекеттердин рыногуна чыгарууну жөндөөгө мүмкүндүк берет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"