Жаңылыктар
Жемкорлукка каршы күрөштүн жыйынтыктары
Коррупция
Жемкорлукка каршы күрөштүн жыйынтыктары

Бүгүн коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул Кыргызстанда 2005-жылдан бери белгиленип келет. Буга карата бүгүн күч түзүмдөрү илимий конференция өткөрүшүп, жемкорлукка каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары чыгарылды. 

Анда 2012-жылдан тартып президент тарабынан коррупцияны жок кылууга багытталган чаралар, анын жыйынтыктары жана алдыдагы пландар тууралуу сөз болду. 

Мамлекеттик “Ала Арча” резиденциясынын жыйындар залы. Илимий конференцияга бардык күч түзүмдөрүнөн, өкмөттөн, президенттик аппараттан эксперттер, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулушкан. Алгач 2016-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, коррупцияга каршы күрөш мурдагыдай эле олуттуу жүрүп жатканы айтылды. 

Башкы прокуратура мындан сырткары мамлекеттик органдарды коррупцияга каршы күрөшүү аракети боюнча текшерип, жалпы бир жарым миңдей кылмыш ишин аныктаган. Аларга чара көрүү максатында 2 миңден ашык прокурорлук актылар түзүлгөн. Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин маалыматына караганда, коррупциялык кылмыштар боюнча биринчи орунда мамлекеттик сатып алуулар порталы, экинчи орунда сот тармагы, андан кийин укук коргоо органдары турат. Бирок жыйында паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча сунуштамалардын басымдуу бөлүгү аткарылганы белгиленди.

Жыйында жемкорлукка каршы күрөшүү жаатында 2017-жылы аткарыла турган жумуштардын жыйындысы да талкууланды. Учурда Коргоо кеңешинин алдында коррупциялык көрүнүштөр боюнча атайын интернет сайт иштелип жатат. Ага жарандар паракорчулукка байланышкан бардык маалыматтарды жөнөтүп турса болот. Интернет порталы келерки жылдын башында ишке кирери күтүлүүдө.