Жаңылыктар
Сасык тумоо боюнча абал эпидемиологиялык чектен ылдыйлай баштады
Ден соолук
Сасык тумоо боюнча абал эпидемиологиялык чектен ылдыйлай баштады

Бирок суук он жашка чейинки балдар суукка көбүрөөк кабылып, жабыркашууда. 

Быйыл сасык тумоого чалдыккандар жылдагыдан кыйла көп. Оорулардын саны айрыкча ноябрь айынын ортосунда күч алган. Ооруканага жаткандардын аягы үзүлбөй келип, өткөн жумада кайрылгандардын саны эки эсеге өскөн.

Вирустук инфекция өзгөчө алсыз иммунитетте баш көтөрөт. Андыктан ак халатчандар өзүн өзү дарылоодон алыс болуп, адистерге кайрылууну эскертишет. Өтө жогорку температура оорунун алгачкы белгилеринен дешет.

Акыркы жыйырма күндө эле ооруканага 1000ге чукул адам кайрылган. Алардын 805и төрт жашка чыга элек наристелер. Сасык тумоо күчөп кеткенде беш айлык бала да чарчап калган.

Сасык тумоону алдын алуу үчүн бөлмөнү маал-маалы менен желдетип, тазалыкты сактап, бет кап кийип жана жылуу суюктуктан көбүрөөк ичиш керек. Колдон келсе бал менен малинанын ширесин ичүү сунушталат.

Ал арада Бишкек шаарындагы бир катар мектептер 13 декабрга чейин карантинге жабылып турат. Балдар бакчалары иштеп жатат бирок аларга алдын алуу чаралары көрүлгөн. Дарыгерлер сасык тумоо оорусунун массалык таасири акырындык менен азая баштаганын айтууда.