Жаңылыктар
Акция: Биз референдумду колдойбуз
Кыргызстан жаңылыктары
Акция: Биз референдумду колдойбуз

Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдогон демилгечи топ автожүрүшкө чыгып, Бишкектин борбордук көчөлөрүн кыдырды. Акцияга жаштардын жоон тобу келип кошулду. 

“Референдумду колдойбуз” аталышындагы иш-чаранын өтөөрү тууралуу маалымат социалдык тармактар аркылуу тараган. 

“Азыр “Биз референдумду колдойбуз” деген лозунгдар менен 50дөй автоунаа борбордук аянтта жүрүп баратат. Акциянын катышуучулары Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр Кыргызстандын жаркын келечегин курууга жол ачат деп ишенимдүү айтышууда”.

Иш-чаранын саясатка же шайлоолорго эч кандай тиешеси жок дейт уюштуруучулар. Ыктыярчылар жөн гана жарандык милдетин аткарууга чыгышкан.

Конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогондор акция тууралуу маалыматты социалдык тармактар аркылуу таратышкан. Жаштардын өтүнүчү менен иш-чараны улуулар жетектөөгө алышкан. 

11-декабрь - Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум күнү. Ал эми жаштар туруктуу өкмөт, адилеттүү сот жана өнүгүү үчүн референдумга келгиле деген чакырык таштады.