Жаңылыктар
Шайлоо түйүндөрү эртең саат сегизде ачылат
Саясат
Шайлоо түйүндөрү эртең саат сегизде ачылат

Бүгүн Кыргызстанда “жымжырт күн”. Тагыраак айтканда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумдун алдындагы жымжырт күн. Бүгүн бир айга созулган бардык үгүт материалдарга тыю салынат. 

Мыйзам боюнча, добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлер жарнамасын токтотуу керек. 

Эскерте кетсек, эртең өлкөдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү жана жалпы элдик добуш берүү болот. 

Шайлоо түйүндөрү 11-декабрда эртең менен сегизде ачылып, кечинде 20-00до жабылат.