Жаңылыктар
Президент премьер-министрди жана БШКнын төрайымын кабыл алды
Саясат
Президент премьер-министрди жана БШКнын төрайымын кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Анда өкмөт башчы менен боршайкомдун жетекчиси өлкө башчыга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн жана референдумду өткөрүүгө карата даярдыктар тууралуу маалымат берди. Сооронбай Жээнбеков - добуш берүүнү өткөрүү жана коопсуздук камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар көрүлгөнүн билдирди. Ал эми Нуржан Шайлдабекова добуш берүүгө шайлоо түйүндөрү даяр экенин жана шайлоо комиссиялары тарабынан бардык атаандаштарга бирдей шарт түзүлгөнүн кабарлады. Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев - биз дагы бир жолу Кыргызстан таза шайлоолордун өлкөсү экенин, бизде референдум менен шайлоонун тагдырын жарандар өздөрү чечерин тастыктап, көрсөтүшүбүз керек, - деп билдирди. Мамлекет башчы ошондой эле өкмөт менен БШКга участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн эмгек акысын жакын арада төлөп берүүнү милдеттендирди.