Жаңылыктар
Шайлоо маалында жарык өчүрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо маалында жарык өчүрүлбөйт

Энергетиктер эртең шайлоо өнөктүгүндө жарыкты өчүрбөй, авариялык кырдаалды алдын алат.

 “Түндүкэлектр” ишканасынын маалыматы боюнча, эртең Бишкек, Чүй жана Талас облустарында 122 мобилдик тобу нөөмөттө иштейт. 

Алар жарыкты үзгүлтүксүз берүү үчүн тийиштүү шаймандардын барын текшерип чыгышты. 

Мындан тышкары авариялык кырдаал жаралса, шайманды дароо алмаштыруу үчүн электр чубалгылары сындуу жабдыктарды да даярдашты.