Жаңылыктар
Эртең БШКнын эки маалымат борбору иштейт
Саясат
Эртең БШКнын эки маалымат борбору иштейт

Эртең Борбордук шайлоо комиссиясынын эки маалымат борбору иштейт. 

Анын бирөө Боршайкомдун борбордук аппаратында жайгашса, экинчиси “Орион” мейманканасындагы “Ала-Тоо” басма сөз борборунда жайгашат. 

Бул маалымат борборлору 11-декабрда саат 8:00дө иштей баштайт. 

Анда өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүүнүн жүрүшү чагылдырылып, маалыматтар берилип турат. 

БШКнын маалыматы боюнча, борборлордо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, Боршайком мүчөлөрүнүн жана эл аралык байкоочулардын катышуусунда брифингдер өткөрүлүп турат.