Жаңылыктар
Ат-Башы районунда ветеринардык клиника пайдаланууга берилди
Ден соолук
Ат-Башы районунда ветеринардык клиника пайдаланууга берилди

Акыркы учурда Ат-Башы районунда ветеринардык эрежелер сакталбай, төрт түлүк арасында ар кандай жугуштуу оорулар күч алган. 

Мунун кесепетинен мал баасы арзандап, фермерлер чыгаша учурай баштаган. 

Мындай оор абалды жөнгө салуу максатында «Ача кайыңды» айыл аймагында учур талабына төп келген ветеринардык клиника пайдаланууга берилди. Аны тургузууга эл аралык уюмдар бир миллион 200 миң сом берди. 

Статистика боюнча, бул айыл аймакта 12700 кой-эчки, 2700 жылкы, 3200 уй жана топоз бар. Фермерлер жайкысын жайлоого чыгаарда малын мына ушул жерден тиешелүү эмдөөлөрдү өткөрүүгө милдеттендирилди. 

Ошондой эле төрт түлүктү иденцификациялоо иши да ушул жерде жүрөт.