Жаңылыктар
Ат-Башы районунда бир бала бакча колдонууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы районунда бир бала бакча колдонууга берилди

Ат-Башы районундагы «Ак жар» айыл аймагында бир бала бакча колдонууга берилди. 

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, түрткү берүүчү гранттын эки миллион 900 миң жана аталган айылдын казнасынын эки миллион сомуна айыл өкмөтүнүн эски имараты элеттик бөбөктөргө ылайыкташтырылып кайрадан жасалды. 

Ошентип, «Ак жарда» биринчи жолу балдар бакчасы иштей баштады. 

Бирок элетте ектепке чейинки тарбия берүү мекемелерине муктаждык дале чоң. Дагы 100дөй бала бакчага бара албай, кезекте турат.