Жаңылыктар
Кыргызстанда добуш берүү өнөктүгү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда добуш берүү өнөктүгү башталды

Кыргызстанда добуш берүү өнөктүгү башталды. 

Бүгүн таң эрте саат жетиде шайлоо участкаларында, байкоочулардын катышуусунда шайлоо комиссиясы текшерүүчү баракчаны урнага салып даярдыктарды бир сыйра карап чыгышты. 

Маселен Бишкек шаарындагы 12 66 кошумча добуш берүү участкасында саат туура сегизде гимн жаңырды. 

Андан соң биринчилерден болуп добушун аталган шайлоо участкасынын төрайымы берди. Белгилей кетсек өлкө аймагы боюнча 2 381 шайлоо участкасы ачылып иштеп баштады. Добуш берүү кечки саат сегизде жыйынтыктайт.