Жаңылыктар
Ош шаарындагы шайлоо түйүндөрү дагы өз эшигин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
 Ош шаарындагы шайлоо түйүндөрү дагы өз эшигин ачты

Ош шаарында дагы шайлоо түйүндөрү өз эшигин ачты. Шаардагы №5298 шайлоо түйүнүндө таңкы сегизге чейин эле добуш берүүчүлөрдүн кезеги байкалды.

Шайлоо түйүнү салтка айланып калгандай эле, мамлекеттик гимн менен ачылды. 

Шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө зарыл болгон технологиялар , үкөктөр баары даяр. 

Алгачкы добуш берүүчүгө калаа бийлиги тарабынан белектер берилди. Активдүүлүгүн көрсөткөн улуу муундун өкүлдөрүнүн арасында он сегиз жашка жаңыдан толуп алгачкы ирээт добуш берип жаткан атуулдар да болду. 

Маалымат бере кетсек, жалпы Ош облус боюнча 484 шайлоо түйүнү бүгүн облустагы 580 миңдей добуш берүүчүнү кабыл алат. Жалпы 72 айылдык кеңештин ичинен Кара-Суу шаары менен Ош шаарында референдум гана өтөт. Ал эми Ош шаарында 73 шайлоо түйүнү болсо, добуш берүүчүлөрдүн саны 118 миңдин тегерегинде.