Жаңылыктар
Стамбулдагы жардыруунун курмандыгына 29 адам кабылды
Дүйнө
Стамбулдагы жардыруунун курмандыгына 29 адам кабылды

10-декабрь күнү кечки саат 10 жарымда Стамбул шаарындагы "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде эки ирет жардыруу болду.

Анда 29 адам көз жумуп, 166 адам жабыркаган. 

Мындай маалыматты Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. 

 "Бешикташ" менен "Бурсаспор" футбол командаларынын беттешүүсү бүткөн маалда "Водафон Арена" стадионунун тегерегинде кош жардыруу болгон. 

Мында 27 полиция кызматкери көз жумду. Ал эми жабыркагандардын арасында чет өлкөлүк жарандар жок ”- дейт Сулейман Сойлу.