Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Шайлдабекова өлкө аймагындагы саат 10.00го чейинки алынган убакыт боюнча алынган жыйынтык менен тааныштырды.
Маалыматка таянсак, референдумга жалпы 95630 адам өз добушун берген, ал жалпы шайлоочулардын 3,35%н түзөт.
Бишкек шаары, 4,33%
Ош шаары, 3,46%
Ысык-Көл, 3,34%
Нарын, 3,20%
Талас, 3,90%
Чүй, 3,33%
Ал эми, чет жердеги мекендештерибиздики 1%га жеткен. Мында саат айырмачылыктарына байланыштуу айрым өлкөлөрдөгү добуш берүү пункттары ачыла элек.
Шаардык кеңештерге 23062 шайлоочу добуштарын берип, ал жалпы шайлоочулардын 4,8% түзөт.
Жалал-Абад, 5,35%
Бишкек шаары, 3,97%
Ысык-Көл, 3,88%
Нарын, 3,95
Ош, 2,74%
Талас, 4,21%
Чүй, 4,24%
Баткен, 3,41%