Жаңылыктар
Жарандар добуш берүүгө активдүү катышууда
Саясат
Жарандар добуш берүүгө активдүү катышууда

Бишкектеги №1001 шайлоо участкасында жарандар Бишкек шаардык кеңешине жана Референдумга добуш берүү үчүн шайлоого катышып жатат. 

Бирок эртең менен шайлоочулардын активдүүлүгү басаң болгон.

Анткен менен шайлоого көз салган байкоочулардын саны 20нын тегерегинде, буга чейин эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун партиянын ишенимдүү адамдары да тастыктады.  

Жалпысы болуп №1001 шайлоо участкасынан шаардык кеңеш үчүн 486 жаран, референдум үчүн 482 адам добуш бериши керек. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"