Жаңылыктар
Шайлоо участкалары кечки саат 20:00гө чейин иштейт
Саясат
Шайлоо участкалары кечки саат 20:00гө чейин иштейт

Республикада жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга добуш берүү жүрүп жатат. 

Шайлоо участкалары эртең мененки саат 08:00дөн баштап кечки саат 20:00гө чейин иштейт. 

Өлкө аймагында жалпы 1903 шайлоо участкасы ачылды, ал эми референдум боюнча 2365, анын ичинен 35 участканын 26сы чет өлкөгө жайгаштырылган. 

Белгилей кетсек, азыркы тапта 22 шаарда жана 389 айылдык аймактарга жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жатат. 

Мындан сырткары, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө. Добуш берүүлөр саат 20да токтотулат. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"