Жаңылыктар
А.Атамбаев референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышты
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев референдум жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышты

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Ал өз добушун Бишкек шаарындагы 5-кесиптик лицейинде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде берди.

Өлкө башчы шайлоо тилкесине жубайы Раиса Атамбаева менен бирге келген. 

Добуш бергенден кийин Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, өз сөзүндө ал бул жолку референдум жана шайлоолор заманбап талаптарга ылайык өткөрүлүп жатканын, ачык-айкындуулук камсыздалып, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн белгиледи. 


Ошондой эле өлкө башчы жалпы элдик добуш берүүгө 30 пайыздан кем эмес эл келип берет деген үмүтүн билдирип, баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр парламентаризмди өнүктүрүү, өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталганын бекемдеди.