Жаңылыктар
Президент Бишкектеги №5-кесиптик лицейде добуш берди
Саясат
Президент Бишкектеги №5-кесиптик лицейде добуш берди

Мамлекет башчы баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга добуш бергенден кийин  маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз элинин шайлоолордун таза өтөөрүнө ишеними  артып жаткандыгын баса белгиледи.   

Атамбаев: шайлоо тилкесине келе жатып, жолду карай, мурдагы референдум жана шайлоолордун кандай өткөндүгүн эстедим. Бул жылы референдумга шайлоочулардын жок дегенде 30 пайызы катышса  экен деп Кудайдан тилеп атам. Бир эсептен тынчсыздануу,  бир жагынан сүйүнүч да бар, анткени өлкөдө кардиналдуу өзгөрүү болду.  

Эске салсак, бүгүн 11-декабрда  өлкөдө  жергиликтүү кеңештерге шайлоо  жана жалпы элдик добуш берүу өтүп жатат. Референдум катталган шайлоочулардын 30 пайызы добуш берсе өттү деп эсептелет.  

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"