Жаңылыктар
Жалал-Абадда шайлоо өз нугунда өтүп жатат
Шайлоо 2023
Жалал-Абадда шайлоо өз нугунда өтүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы №2098 шайлоо тилкеси таңкы саат 8 де өз убагында иштеп баштады. 

Ал эми шайлоого келгендердин саны арбын. Байкоочулардын айтымында, эч бир мыйзам бузуу фактылары каттала элек. Бирок айрым шайлоочулар тизмеден чыкпай жатканын ырасташууда. 

чурда Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңешке жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Шаардык кеңешке болсо 7 партия ат салышууда.

Ал эми шаар боюнча жалпы референдумга добуш берүүчүлөрдүн саны 36202 түзсө, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 35 миң 544 шайлоочу катышат.