Жаңылыктар
Ош: шайлоого катышкандар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө
Саясат
Ош: шайлоого катышкандар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө

Ошто шайлоого катышкандар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Эртең менен саат 8де башталган шайлоо өнөктүгү – бардык аймактарда жүрүп жатат.  Бирок айрым участкаларда урналар иштебей калган учурлар катталды. Бул тууралуу  БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирип, борборго маалымат берилгенин, көйгөйдү  чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Референдумга катышуу университеттерде  активдүү. 

Ош облусу боюнча 71 айылдык кеңешке, 1 шаардык кеңешке, ал: Өзгөн шаарындагы жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп жатат. Облус боюнча 484 шайлоо участкасында референдумга добуш берилүүдө. 

Ал эми Ош шаардык кеңешке шайлоо өткөндүктөн, бул жерде да референдумга гана 73 участкада добуш беришүүдө. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы  Абдыжалил Муратовдун айтымында, шаарда 132 миң шайлоочу катталган.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош