Жаңылыктар
Кыргызстанда референдум өттү
Саясат
Кыргызстанда референдум өттү

Референдум өттү. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялады. 

Негизи талап боюнча, жалпы элдик добуш берүүгө катышкандардын пайыздык көрсөткүчү 30 пайыздан ашса, анда референдум өттү деп эсептелет.  Референдумга добуш бергендердин пайыздык көрсөткүчү азырынча 42 пайыздан ашты. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, жалпы элдик добуш берүүгө катышкандардын 80 пайызы баш мыйзамды өзгөртүүгө макул десе, каршымын дегендер 16 пайызды түзүп жатат.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо КСДП, "Республика - Ата Журт", “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары алдыга чыкты.