Жаңылыктар
Бүгүн, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 88 жашка чыкмак
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 88 жашка чыкмак

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо бүгүн 88 жашка чыкмак. 

Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Улуу жазуучу совет доорунда “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таланттуу жазуучу катары таанылган. 

Социалисттик эмгектин баатыры жогорку наамына арзыган, СССРдин Ленин жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. 

Ошондой эле ондогон башка эл аралык сыйлыктарды алган, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон. 

Кыргыз Эл Баатыры 80 жашка караган курагында, 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Айтматовдун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча атасынын сөөгү жаткан "Ата-Бейитке" коюлган.