Жаңылыктар
Айтматов - адабияттын алпы
Маданият
Айтматов - адабияттын алпы

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бүгүн борбор калаада жана аймактарда бир катар иш-чаралар өтүүдө. 

Дүйнөнү калеми менен багындырган кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун ааламы чексиз. Анын чыгармалары жашоо мыйзамдарын көзгө сайып көрсөтүп, окурмандарын тарбиялай алат. Залкардын ар бир чыгармасы жүрөктөн чыккандыктан жана жашоо чындыгын чагылдырып тургандыктан жүрөккө жетет.

Анын чыгармалары сөздүн кереметине ширелишип, кыргыз адабиятын эле эмес дүйнө адабиятын байытты. Айтматовдун улам кайра жаңыланып басылып чыгып жаткан чыгармаларын азыр жеке эле мекендештери эмес чет элдик окурмандар да суусап окуйт. Себеби анын каармандарынын кулк-мүнөзү, тагдыры көптөгөн окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты.

Кара сөздүн кеменгери Айтматов көркөм дөөлөттөрдү жаратты. Анын чыгармалары аркылуу дүйнө эли кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, дүйнө таанымы менен жакындан тааныша алды. Залкар калемгердин артындагы чоң мурасы кыргызга эле эмес дүйнө элине да калды.

Манасты жараткан элдин улуу уулу Чыңгыз Айтматовдун кең ааламы - кыргыздын түбөлүк мурасы. Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятын бай казынага айлантып, урпактардын ой-сезимин тарбиялап алууга кудурети жетет.

12-декабрь Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата маданият, маалымат жана туризм министрлиги бир топ иш чараларды өткөрүүгө камданып жатат.

Айтматов өзү чексиз тема болсо, анын чыгармалары түбөлүктүүлүк сапарында жашап жатат. Анын керемет чыгармаларын кыргыз режиссёрлору гана эмес орус, немец, түрк, украин режиссёрлору тасмага түшүрдү.