Жаңылыктар
Эрте турмуш курган кыздардын келечеги талкаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Эрте турмуш курган кыздардын келечеги талкаланууда

Кыргызстан эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча дүйнөдө 59-орунда турат. Бул биздин өлкөдө кыздар физиологиялык жактан толугу менен жетиле элек кезде турмуш курат дегенди билдирет. 

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 18 жашка чыга элек келиндердин төрөт учурунда өлүмүнүн саны 30  пайызга жогору болуп чыккан. Аныктан Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан эрте никеге тыюу салуу боюнча мыйзам  долбоору колдоо таап, өлкө башчы мыйзамга кол койгон

Маалым болгондой ал 30 күндө күчүнө кирет. Ошондон тарта тиешелүү кызмат өкүлдөрү мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер боюнча эрте никеге себепчилерди жоопкерчиликке тартат. Буга чейин маалым болгондой, дин өкүлдөрү да бул мыйзамдын аткарылышы боюна эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары.