Жаңылыктар
Салык жыйноо иши начар жүрүүдө
Экономика
Салык жыйноо иши начар жүрүүдө

Мындай пикирин премьер-министр Темир Сариев Салык кызматынын 2015-жылдын жыйынтыгы жана быйылкы жылга карата коюлган пландары боюнча өткөрүлгөн жыйынында айтты.

Маселен, Чаткал, Тогуз-Торо, Сокулук жана Ысык-Көл райондору эң эле төмөн көрсөткүчтө салык жыйнап, ишти 80% эле аткарган. Бул райондордун салык кызматынын жетекчилери мындай көрсөткүч айрым ишканалардын жабылып калышы менен байланыштырды. 

Жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата салык карызынын суммасы 1 миллиард 400 миллион сомду түздү. Бирок өкмөт башчы кошумча резервдер бар экенине токтолду. Маселен, Чүй облусунда бир гектар жердин ижара акысы 1,5 миң сом болсо, кээ бир жерлерде 20-40 миң сомго чейин берилип жатканына токтолду.

Ошондой эле, Ысык-Көл районунда 200дөн ашуун пансионаттан болгону 102 миллион сом жыйналган. Ошентсе дагы былтыр болжол менен 60 миллиард 930 миллион сом салыктар жана төлөмдөр чогултулган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу көп экенин салык кызматы билдирди. Ошондой эле салыкты өз убагында төлөгөн мыкты салык төлөгөндөр сыйланды, эми алар 3 жыл текшерүүгө алынбайт.