Жаңылыктар
“Токмок автожолу” өткөрүү бекети келерки жылы курулуп бүтөт
Экономика
“Токмок автожолу” өткөрүү бекети келерки жылы курулуп бүтөт

Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок автожолу” көзөмөл өткөрүү бекети келерки жылдын башында пайдаланууга берилет. Учурда ЕАЭБ жана эл аралык талапка шайкеш келтирүү максатында жаңы бекетти куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

 Бул иштер менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков таанышты. Ушундай эле капиталдык оңдоо иштери дагы эки көзөмөл өткөрүү бекеттеринде жүрүп жатат.

“Токмок автожолу” көзөмөл өткөрүү бекети жаңырган жылдын башында тагыраагы январь айында пайдаланууга берилмей болууда, мартта болсо “Кең-Булуң” бекетинин курулуш иши толук аяктайт. Ал эми курулуш иштери уланып жаткан “Ак-Тилек” жана “Чалдыбар” көзөмөл өткөрүү бекеттери эмдиги жылы пайдаланууга берилет.