Жаңылыктар
Бажы биримдиги: мамлекеттердин соода аянтчасында талап бирдей
Экономика
Бажы биримдиги: мамлекеттердин соода аянтчасында талап бирдей

Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода аянтчасында талап баарына бирдей. Алсак, Россия, Казакстан, Белорусия мамлекеттериндеги лабараторияда кандай шарттар болсо, Кыргызстанда да ошондой шарттын болуусу кажет. Мына ушуга ылайык, республикадагы лабораториялар эл аралык талапка жооп бере ала турган сапатка өтө баштады. Ош аймактык ветеринардык, диагностикалык жана экспертиза борборунда учурда ЕАЭБдин талабына шайкеш келген бардык шарттар бар.

Өкмөт тарабынан Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораторияларды “референс лаборатория” деген статуска жеткирүү максатында мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылга кошумча, 37 миллион сом да бөлүнүп берилген. Лабораторияларды ишке киргизип коюу менен эле маселе чечилип калбай тургандыгын айткан талдоочулар биринчи кезекте, тамак-аштын сапатына мамилени өзгөртүү зарылдыгын белгилейт.