Жаңылыктар
«Теңдик» айылында кичи футбол талаасы ачылды
Спорт
«Теңдик» айылында кичи футбол талаасы ачылды

Кочкор районундагы «Теңдик» айылында кичи футбол талаасы ачылды. Элеттик спорт ышкыбоздорун кубанычка бөлөгөн мындай жагымдуу белек жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан жасалды.

Бүгүндөн баштап пайдаланууга берилген «Теңдик» айылындагы мына ушул кичи футбол талаасы Кочкор районундагы 5-спорттук аянтча. Ал эми келээрки жылы тутумуна Кочкор району кирген Нарын облусунда бардык шарттары бар ден соолукту чыңдоо комплекси курулмакчы.