Жаңылыктар
Францияга кайтып келген жихадчылар өздөрүн күнөөлүү деп эсептебейт
Дүйнө
Францияга кайтып келген жихадчылар өздөрүн күнөөлүү деп эсептебейт

Франциянын RFI радиосунун журналисти Давид Томсон “Францияга кайтып келген жихадчылар “Ислам мамлекети”- деп аталган террордук уюмдан иренжиди, бирок өздөрүн күнөөлүү деп эсептебейт”- аттуу макаласын жарыялады. Бул автордун “Жихадка кетип, Францияга кайтып келгендер”- аттуу китеби жарыкка чыкты. Томсон эки жылдын ичинде Ирак менен Сириядан Францияга кайтып келген ДАИШтин ондон ашык согушкерлер  арасында жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде, жогоруда сөз болгон  китебин жазган. Томсондун пикиринде чынында эле Францияга Жакынкы Чыгыштан кайтып келген радикалдар “Ислам мамлекети”-деп аталган террордук топтон   иренжиген. Бирок, ошол эле учурда алар иш жүзүндө террордук идеологиядан баш тарткысы келбей турганын, сурамжылоо учурунда билингенин, автор макаласында  баса белгилейт. Анын айтымында Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Сирия менен Иракта ДАИШтин катарында 700гө жакын Франциянын жараны бар экендиги тастыкталган. Бул согушкерлер арасында 400 өспүрүм бала  болсо, алардын  үчтөн бир бөлүгү Сирия менен Иракта төрөлгөн. Андан тышкары 2012-жылдан баштап Бириккен коалиция менен Дамаск жана  Багдаддын жоокерлери тарабынан  200 француз  жихадчылары жок кылынган. Анан да  Жакынкы Чыгыштан Францияга 200 радикал кайтып келген. Азыркы күндө Ирак менен Сирияда ДАИШ территориясын жоготсо да, бүт дүйнөгө коркунуч  жаратууда-дейт франциялык кабарчы. Кененирээк аудиодо баяндалат.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Сүймөнкул Идирисов болду.