Жаңылыктар
Улгайган адамдардын социалдык абалын жакшыртуу көйгөйү талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Улгайган адамдардын социалдык абалын жакшыртуу көйгөйү талкууланды

Улгайган адамдардын социалдык абалын жакшыртуу көйгөйү эл аралык конференцияда талкууланды. Анда кары адамдардын ден-соолугуна кам көрүү маселеси эң негизгилерден экени айтылды.

Анткени пенсия курагындагы адамдардын алган акысы төмөн болгондуктан, азык-түлүктөн ашпай, дары дармекке жетпей калган учурлар көп кездешет. Ооруга чалдыккан ардагер дарынын кымбаттыгынан, алууга чамасы келбей узак өмүр сүрбөй калган учурлар бар дешет адистер.

Буга байланыштуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү адистер улгайгандардын жашоосун, ден-соолугун жакшыртууга багытталган программаны иштеп чыгып өкмөткө сунуштоону көздөшүүдө. Анын алкагында геронталдык борборлорду жандандыруу маселеси да бар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"