Жаңылыктар
Орусияда студенттердин эл аралык фестивалы болду
Билим
Орусияда студенттердин эл аралык фестивалы болду

Орусиянын Челябинск шаарында студенттердин эл аралык фестивалы болду. 

Мында 25 өлкөнүн студенттери спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, өз өлкөлөрүнүн намысын коргошту. 

Жыйынтыгында аталган шаарда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер 2-орунду алышкан.

 Бул саамалык ушул жылы 5-ирээт өткөрүлүп жатканын уюштуруучулар билдирди. 

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин ынтымагын бекемдөө жана эл аралык мамилелерди чыңдоо.