Жаңылыктар
Бишкекте режиссер айымдардын I кинофоруму өтөт
Маданият
Бишкекте режиссер айымдардын I кинофоруму өтөт

17-декабрда Бишкекте Кыргызстандагы режиссер айымдардын I кинофоруму өтөт. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунан билдирди. Иш-чара Кыргызстандагы кинематографияны, айымдар тарткан кинонун өнүгүшүн жана гендердик маселелерди ачык талкуулоого багытталган.

 Акыркы 10 жылда өлкөдө киноиндустриянын жаңы толкуну өнүгүп жатат. 

Аны менен катар режиссер аялдардын эмгектери эл аралык кинофестивалдарда өлкөнү таанытып, көптөгөн фильмдер байгелерге, дипломдорго ээ болуп жатат, -деп айтылат маалыматта.