Жаңылыктар
Роналду 2016-жылдын эң мыкты футболчусу аталды
Спорт
Роналду 2016-жылдын эң мыкты футболчусу аталды

“Мадриддин” реал клубунда ойногон португалиялык футболчу Криштиану Роналду FIFA тандоосунда 2016-жылдын эң мыкты футболчусу аталды. 

12-декабрда ага “Алтын топ” ыйгарылды. 31 жаштагы спортчу Жапонияда болгондуктан, Парижде өткөн сыйлоо аземине катышкан жок. Роналду 2008, 2013 жана 2014-жылдары да “Алтын топ” сыйлыгын алган. 

"Алтын топ" сыйлыгын 1956-жылы "France Football" журналы негиздеген.

Кошумчалай кетсек, "Алтын топ" сыйлыгын Месси 5 жолу алган.