Жаңылыктар
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтүп жатат
Маданият
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтүп жатат

“Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү”- аталышындагы улуттук жана эл аралык фестивалдын ачылышы болду. 

Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ар жылы уюштурулуп келет. Буга жалпы 26 фильм катышууда.

Мында "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Калыстар тобунун купулуна толгон тасма" жана "Көрөрмандардын купулуна толгон тасма" деген төрт номинация аныкталат. 

Калыстар тобунун курамында Кыргызстан, Молдова, Орусия жана башка өлкөлөрдөн келген режиссерлер бар. 

15-декабрга чейин өткөн иш-чарада Молдованын фильмдери да көрсөтүлүп, мастер-класстар өткөрүлмөкчү.