Жаңылыктар
Таласта сасык тумоо күч алды
Ден соолук
Таласта сасык тумоо күч алды

Сасык тумоо күчөгөндүктөн Таласта айрым мектептер менен балдар бакчалары бир аптага карантинге жабылды. 

Бул тууралуу Талас райондук санэпид көзөмөл борборунан билдиришти. 

Маселен ,Талас районундагы бардык мектеп жана бала бакчалар жабылса, шаардагы 8 бала бакча бир аптага тарады. 

Адистер билдиргендей, бала-бакчадагы бөбөктөрдүн 34 пайыздан ашыгы сасык тумоого кабылган. Жобо боюнча 25 пайыздан жогорулаганда эле мектеп, бакчалар жабылышы шарт. 

Бир жума бою дарыгерлер сасык тумоо менен ооругандарды көзөмөлгө алышат.