Жаңылыктар
Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы ант берди
Дүйнө
Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы ант берди

Антониу Гутерреш, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы катары ант берди. 

Ал ант берүү аземинде уюм терроризм менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын карап чыгаарын жана гендердик теңсиздик маселесине өзгөчө көңүл бураарын билдирди. 

Эскерке кетсек, буга чейин БУУнун баш катчысы кызматын Пан Ги Мун аркалап келген. 

Ал эми Антониу Гутерреш 1995-2002-жылдары Португалиянын премьер-министри, 2005-2015-жылдары БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгын аркалап келген.