Сасык тумоодон улам өлкөдөгү 60 мектепте карантин уланууда.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айзуура Чыкынова билдирди.
Таласта - 29, Ошто - 1, Ысык-Көлдө - 10, Чүйдө - 18 жана Нарын менен Жалал-Абад облустарында бирден мектеп жабык.
Ал эми борбор калаадагы бардык мектептер иштеп жатат.
Эске салсак, буга чейин өлкө боюнча боюнча 161 мектеп сасык тумоонун жайылышынан карантинге жабылган.