Жаңылыктар
Доллардын куну кескин төмөндөп жатат
Экономика
Доллардын куну кескин төмөндөп жатат

Бишкекте доллардын куну кескин төмөндөп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча борбордогу акча алмаштыруучу жайлар америкалык валютаны 71 сомдон сатып алып, 73 сомдон сатууда. Эки-үч, күндүн ичинде доллар 3-4 сомго сомго арзандады. Эки ай бою АКШ акчасынын баасы 76 сомдун чегинде кармалып турду. Жыл жаңыргандан бери Улуттук Банк 17 жолу интервенция жасаган. Экономистердин пикиринде, бул соода-садык солгундап кеткендиктен жана Улуттук Банк  интервенция кылган себебинен убактылуу арзандоо болуп жатат.

Эки ай бою АКШ акчасынын баасы 76 сомдун чегинде кармалып турду. Жыл жаңыргандан бери жалпысынан Улуттук банк 17 ирет интервенция жасап, сомду колдоо үчүн 64 миллион 350 миң доллар саткан.

Ошондой эле өткөн жылдын аягында Парламент депутаттары өкмөттүн улуттук валюта-сомду турукташтыруу планын колдогон чечим чыгарып берген. Өлкөдө кыймылсыз мүлктөр, автоунаалар, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү  доллар менен иш жүргүзүп келет. Мындан улам кыргызстандыктар үчүн доллардын кымбаттоосу кыйла түйшүк жараткан. Абалды жеңилдетүү үчүн Өкмөт, сооданын бардык түрүн улуттук валюта – сом менен жүргүзүүгө өткөрүү аракет баштады. Экономика министри Арзыбек Кожошев Америка акчасы менен соода кылууга тыюу салуу салынып жаткандыгы тууралуу билдирген.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун пикиринде, доллардын арзандоосуна бир нече факторлор өз таасирин тийгизди. Учурда рынокто соода-сатык солгундап, көпчүлүк эл күнүмдүк керектүү товарларын гана алып калды. Кыймылсыз-мүлк, же кымбат баалуу буюмдарды сатып алуу азайды. Ошондой эле, Улуттук Банк интервенция жасады. Бирок бул  убактылуу көрүнүш дейт экономист.

Ошондой эле доллардын солгундашын дүйнөлүк базарда мунайдын баасы туруксуз болуп жаткандыгы себеп, бирок кара алтын кымбаттап баштарына божомол чоңурак дейт экономистер. Мындан тышкары айрым талдоочулар улуттук валютанын кымбатташына рублдун бекемделип жатышы себеп жана  өкмөттүн насыяларды доллардан сомго которуу чечими оң таасир тийгизип жаткандыгын жүйө келтиришет.