Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Мамлекет башчыга жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо мыйзамынын бузулушу боюнча катталган фактыларга өз убагында көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. 

Индира Жолдубаева ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана андай учурларда өз убагында мыйзам чегинде чара көрүү максатында жер жөнүндө жана шаар куруу мыйзамдарынын так сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгиледи. 

Башкы прокуратурага кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүүгө, ошондой эле превентивдүү чаралардын натыйжалуугун арттырууга тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.