Жаңылыктар
Шайлоо-2016: Добуштарды саноо аяктады
Шайлоо 2023
Шайлоо-2016: Добуштарды саноо аяктады

Баардык участкалык шайлоо комиссияларында добуштар кол менен саналып бүттү. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына атайын бекиген протоколдор келип түшүүдө. Референдумга жана жергиликтүү кеңешке карата өткөн шайлоонун акыркы толук жыйынтыгы бир апта аралыгында белгилүү болот. 

Участкалык комиссия мүчөлөрүнүн жумушу бир айдан ашык убакыт мурун башталган. Андан бери алар техниканын өздөштүрүп, шайлоочулардын тизмесин тактап, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Шайлоо өткөрүү жүгүн мойнуна алган адамдар үчүн жумуштун эң оор бөлүгү шайлоо күнү жана добуш эсептөө.
Серепчилер референдумга жана жергиликтүү кеңешке карата шайлоо ачык айрым, таза жана мыйзам чегинде болду деп белгилеп жатат. Негизинен өлкөдө шайлоо тынч өттү. Өзгөчө Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары активдүүлүгүн көрсөттү. Бул облустардын шайлоочуларынын 50 пайызга жакыны өз добуштарын берген.”
 Ушул күндө электрондук урнадан алынган алдын -ала жыйынтык белгилүү. Чет өлкөдөн салынган добуштар протокол аркылуу атайын дипломатиялык жол менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Эки багытта өткөн шайлоонун тыянагы баардык протоколдор кабыл алынып, талаш-тартыш жаралган жагдайлар жана арыздар каралып, эсеп-кысабы алынгандан кийин чыгат.
 Ал эми добуштарды кабыл алган шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү ишин улантууда. Мисалы, Бишкектеги Ленин районунда 60 участок ачылса, көбү протоколдорун өткөрдү. Протоколдор кабыл алынып бүткөн соң адистер даттануу менен арыздарды кароого киришет.