Жаңылыктар
Тайырбек Сарпашев: техникалык каталар жоюлат
Шайлоо 2023
Тайырбек Сарпашев: техникалык каталар жоюлат

 Өткөн шайлоолордогу добуш берүүдө кеткен техникалар каталар келечекте толугу менен жоюлат. Мындай пикирин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, биометрикалык жабдыктар жарандын кол манжасын тааныбай калган учурда, анын ордуна веб-камераны колдонуу сунушталууда. Ал эми 11-декабрдагы референдум жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда айрым шайлоо тилкелеринде добуш берүүчү жабдыктардын иштебей калышы шайлоонун жалпы жыйынтыктарына таасир этпегени белгиленди. Башка мамлекеттик мекемелер сыяктуу эле мамлекеттик каттоо кызматы да 11-декабрдагы шайлоолорго кызуу даярдыктан өткөн. Шайлоо тилкелеринде жалпы 30 миң жабдык иштеп, дагы 240 кошумча техника дайындалган. Ошого карабастан добуш берүү маалында жабдыктар токтоп калып же жарандардын манжаларын тааныбай калган учурлар катталды. Бул боюнча каттоо кызматына 2 миңден ашык кайрылуу түшкөн.

Сарпашев билдиргендей жабдык узак убакытка токтоп калган учур Чүй облусунун Ивановка айылында болгон. Ал жерге Бишкектен жаңы жабдык жеткирилип, шайлоочулар 2 саат күтүшкөн. Бирок маселе чечилгенден кийин шайлоого келгендер толугу менен добуштарын беришкен. Техника бузулган учурлар Бишкек шаарында да көп болду деген дооматтарды каттоо кызматынын төрагасы четке какты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, өлкө боюнча шайлоочулардын жалпы саны 2 млн 851 миңди түзөт. 11-декабрда өткөн шайлоолорго карата алардын ичинен 1 млн 200 миң 438 адам идентификациядан өтүп, бюллетень алуу укугуна ээ болушкан. Бирок, биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын ичинен шайлоо күнү аппарат 3349 адамды манжасынан окуган жок. Бул идентификациядан өткөн жалпы шайлоочулардын 0,28 % түздү. Биометрикалык маалыматтарын тапшырбай шайлоо тилкесине келип алгандар 6697 адам болду. Ал эми өзү каттоодо турган жерге эмес же өзүн тизмеден тактабай башка участокко келип алгандардын саны 8659 адамды түзгөн. 1994-жылкы паспорт менен келип алгандар болсо 1239 киши. Аларга да добуш берүүгө уруксат берилген жок. Анткени азыркы эрежеге ылайык жаран ID паспорт менен гана добуш берүүгө укуктуу.
 Бирок шайлоо күнү орун алган майда-чүйдө тартип бузуулар, жабдыктардын токтоп калышы жана добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен чыккан маселелер шайлоонун жалпы жыйынтыктарына чоң таасир этпегени белгиленди.