Жаңылыктар
"Дордойдун" тоодой салымы
Экономика
"Дордойдун" тоодой салымы

 “Дордой” ассоциациясынын кыргыз экономикасына кошкон салымы өтө чоң. Өзгөчө жумушсуздукту жеңилдетип, "Дордой" базарында миңдеген кишилер киреше таап, тиричилигин өткөрүп келет. Мындан тышкары чейрек кылым аралыгында Дордой базары кургактагы ири соода портуна айлана алды. 

Дордой базары реэкспорттон тышкары ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарын сыртка чыгарууга көпүрө. Өзгөчө жеңил өнөр жай тармагынын дээрлик 50 пайыз продукциясы дал ушул базар аркылуу сатылат.
Анткен менен акыркы жылдары "Дордойдо" соода солгундаганы байкалган. Бул дүйнөлүк каржы каатчылыгына байланыштуу. Анын үстүнө атаандаштык күч алып, кытай товарларын ортомчусуз түз алууга коңшу өлкөнүн ишкерлери аракет кылууда. Бирок серепчилер "Дордой" базары жаңычылдык жол менен атаандаштыкка туруштук берет дешүүдө.
 Белгилей кетсек “Дордой” ассоциациясы бул бир гана базар эмес. Анын курамында башка ишкерлик чөйрөлөр арбын . Андан тышкары футбол клубу, прогрессивдүү демилгелер фонду сыяктуу билимдүү жаштарды колдогон долбоорлор бар. Дегеле эгемендик жылдарында "Дордойдун" кыргыз коомуна кошкон салымын бүгүн илимий чөйрө да өзүнчө изилдеп жатат.