Жаңылыктар
Ат-Башы: колунан көөрү төгүлгөн Рахатбек Үсөнкожоев
Аймак
Ат-Башы: колунан көөрү төгүлгөн Рахатбек Үсөнкожоев

 Мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарыбыз дайыма жардамга муктаж. Бирок, ошол эле учурда алардын арасында өзүн да, өңгөнү да эч нерседен кем кылбай баккандар бар. 

Мындан бир нече жыл мурун кырсыктап, жүлүнүнөн алган оор жаракаттын айынан баспай калган Рахатбек Үсөнкожоевди айылдаштары колунан көөрү төгүлгөн уста катары жакшы билишет. Чынында эле өзү төшөктө жатса да, күн чыккандан батканча эмгектен чарчабай кайыштан жана булгаарыдан жасаган буюмдары көргөндөрдүн көз жоосун алат. Элеттик уста катуу оорусуна, бардык кыйынчылыктарга моюн сунбай үч баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай багууда. Өзү айтмакчы, азыр ал башкалардын жардамына эмес, тескерисинче башкаларга жардам бергенге жарайт.
Деги, «колдо бар алтындын баркы жок» деген чын. Эгер чет өлкөлүктөр төшөктө жаткан устанын жасалгаларына суктанып, кунун жерге түшүрбөй алып жатышса, жергиликтүү бийлик башындагылар ага тиешелүү шарттарды түзүп бергенди мындай кой, амандыгынан кабар албаганга жарашпагандыктары кара өзгөйлүк жана кайдыгерлик эмей эмне?
Ошентип, эмгектен рахат алган Рахатбек өзү төшөктө жатса да, эл, жерин дүйнөнүн кыйрына чейин таанытууда. Албетте, бул да эрдик. Тек гана анын бааланбай, эрки күчтүү устанын өз арбайын өзү гана согуп жаткандыгы ойлонтот.