ЖКтин депутаттарынын мандат талаш маселеси көптөн бери созулуп, айрымдары маселелерин сот аркылуу чечип жатышса, айрым эл өкүлдөрү өз каалоолору менен депутаттыктан кетип жатышат. Ал арада Кыргызстандын Жогорку Cоту октябрда жана январь айында депутаттарды мандаттан ажыратуу боюнча чыгарган эки башка чечимине түшүндүрмө берди.
Жогорку Cоттун жарандык иштер боюнча коллегиясы 2016-жылы 21-январда Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин туура деп таап, аны күчүндө калтырган. Ал эми 2015-жылы октябрь айында "Республика – Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер болгондордун пайдасына чечим кабыл алган. Бул 2 иштин ортосунда айырма жок экенин, бирок, соттордун чечимине нааразы экенин айткан Э.Жумалиева учурда эл аралык сотторго жана Кыргызстандын Конституциялык палатасына кайрылууга даярданып жатканын айтат.
Эске салсак, "Республика Ата-Журттун" мүчөсү Жыргалбек Саматов да буга чейин Боршайком менен соттун ортосунда бирде мандат алып, кайра ажыратылып, бул көрүнүш эки үч жолу кайталанган соң 11-январда акыры мандат алды. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынан дагы бир депутат Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ал эми айрым эл өкүлдөрү мандат талашпай эле өз каалоолору менен депутаттыктан кетип жатышат.
Эгер буга чейин Ата-Мекенден келген Ж.Сапарбаев өз каалоосу менен арызын жазса, кечээ Бир бол фракциясынын мүчөсү, вице-спикер Бакыт Есенбаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимине келгенин билдирди. Иш баштаганына жарым жыл аяк баса элек парламент өкүлдөрүнүн мандат талаштан баштап, депутаттыктан кетиши өлкөдө парламенттик системанын толук калыптана электигинен кабар берээрин айткан саясат талдоочу Жолборс Жоробеков буларды кошумчалады.
Саясат талдоочулар ЖК теги мандат маселесинин бул чакырылышта өзгөчө чуулуу болгону саясий маданияттын калыптанбагандыгы менен байланыштырышса, айрым эксперттер мандатынан ажыратуу арызын жазган депутат БШКга арызын өзү алып бара тургандай эреже киргизүү керектигин белгилешет . Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын да жоопкерчилигине баа берилиши керектигин айткандар да жок эмес.