Жаңылыктар
Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат
Туризм
Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат

Бул тууралуу Караколдогу туризм тармагында алектенген ишкерлер социалдык тармактар аркылуу билдирүү таратты.

Анда ишкерлер үстүбүздөгү 4-ноябрында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга кирген өзгөртүүдөгү чет элдиктерди каттоого алуу жараянын жокко чыгарууну суранышкан.

Аталган мыйзамга таянып, Борбор калаада да чет элдиктерди милиция кызматкерлери орунсуз текшерип, акча өндүрүп жатканы айтылууда. 

Ал эми демилгечи депутаттар бул чектөө терроризмди алдын алып, коомдук коопсуздукту сактоо максатында кабылалынганын айтууда. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"