Жаңылыктар
"Дордой" ассоциациясынын түптөлгөнүнө быйыл 25 жыл толду
Экономика
"Дордой" ассоциациясынын түптөлгөнүнө быйыл 25 жыл толду

Ушул жыл аралыгында ал Орто Азияны камтыган чоң базарга айланды. 

Анын товар жүгүртүүсү өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. 

Ошондуктан “Дордой” ассоциациясы мамлекеттин социалдык- экономикалык  өсүшүнө чоң салым кошту дешет адистер.  

“Дордой” ассоциациасы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатын көздөп жатат.  

Келечекте алар заманбап  унаа токтоочу жай, мыкты мейманкана, чоң соода түйүн жана жолдорду оңдоону пландашууда. Бул багытта өнүктүрүү концепциясы дагы иштелип чыкты.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи  радио”