Жаңылыктар
Жаңы жылдык эс алуу 4 күнгө созулат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылдык эс алуу  4 күнгө созулат

Кыргызстандыктар жаңы жылда 4 күн катары менен эс алат. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дем алыш күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында иш күндөрүн которуу боюнча токтомго кол койду. 

Бул токтом беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелер үчүн кабыл алынды. 

Натыйжада, 2017-жылдын биринчи жана 7-январы экинчи жана 9-январга жылдырылып,1,2,3-январь дем алыш күн деп жарыяланды. 

Ошондой эле кыргызстандыктар 2016-жылдын 31-декабрында дагы эс алышат.